Кыргызстанда 15 жылдын ичинде 7 миллиард түп дарак көчөттөрү отургузулат. Мындай билдирүүсүн бүгүн, 4-апрелде журналист Шайырбек Абдырахман уулу социалдык баракчасы аркылуу билдирип, учурдагы көчөттөр өнүп жаткан күнөскананы көрсөттү.
Анын айтымында, бул долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашканы турат.
"Мен азыр Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын четинде жайгашкан, акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен камсыздалган күнөсканада турам. Ушул жылдан тартып президенттин демилгеси менен бардык райондорго бак отургузуу колго алынды. Күнөскананын ичинде миллиондогон көчөттөр бар. Өлкөдө 15 жылдын ичинде 7 миллиард түп дарак отургузлат экен", - деп белгиледи ал.