Өлкөбүздөгү банктык сектордо өзүнүн туруктуулугу жана инновациялык чечимдери менен таанылган FINCA Банктын кызмат берип жатканына бул жылы 30 жылдын жүзү толду. Маарекенин урматына ЖМК өкүлдөрүн бүгүн эртең мененки тамакка чакырды. Анда көп жылдык эмгектин жыйынтыгын чыгарып, келечек пландары менен бөлүштү. Үч он жылдык ичиндеги жетишкендиктери тууралуу алдыда кененирээк сөз кылабыз.
Бул банк 30 жылдан бери иш алып барып, жеке кардарлар жана коммерциялык уюмдар үчүн кеңири спектр банктык кызматтарды сунуштайт. Эң негизги өзгөчөлүгү айым ишкерлерге колдоо көрсөткөнүндө. Алар үчүн кредит алууда кепилге мүлк коюу талабы жок, кепил адамдын болгону жетиштүү.
Көп жылдар мурун банкыбыздын негидөөчүлөрүнүн бири,- "Келечекте балдардын кийими бүтүн, курсагы ток чоңоюусу үчүн, энеси акылдуу болуу керек. Анткени балага тарбияны эң биринчи эне берет",-деп маектеринин биринде айткан. Арадан 30-40 жылдар өтсө да мен анын сөзүн дагы деле кайталап айтып келем. Анткени ал сөздүн чындыгы бар жана банкыбыздын түзүлүүсүндөгү негизги максатыбыз да аял ишкерлерди колдоо. Ошондуктан биз айымдар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча бекер тренингдерди өткөрүп турабыз,- дейт банк башкармалыгынын төрагасы Махмуд Саидахматов.
Андан сырткары өз кеңселеринде да акчаны кантип сактоо керектиги, аны туура пайдалануу тууралуу кеңештерди, ар түрдүү тренингдерди да каалоочулар үчүн акысыз өтүлүп туруусун баса белгилешти.
Акыркы он жылдан бери өлкөбүздүн жайлоолоруна бала бакча ачуу долбоору менен да активдүү алектенип келишет. Бул демилге малчылардын балдарына мектепке чейинки билим берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, алардын өнүгүүсүнө шарт түзгөн.
Жайлоо бала бакчаларынын концепциясы боюнча, 2015-жылы Чүй облусунун Таш-Дөбө айылындагы жайлоодо "Жайлоо бала бакча -2015" долбоору ишке ашырылып, 40ка жакын мектепке чейинки жана эс алууга келген балдар үчүн шарттар түзүлгөн.
Бул долбоорлордун максаты - алыскы аймактагы балдарга билим берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана алардын өнүгүүсүнө салым кошуу болуп саналат.
Банк өлкөнүн экономикалык жаатында иштөө менен гана чектелбестен экологияны сактоого да салым кошуп келүүдө. Ар түрдүү ишембиликтерге чыгышып, айлана-чөйрөнү таза кармоого үндөшөт. Айта кетсек, 2018-жылдын апрель айында банк кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү ишембилик өткөрүшүп, жакынкы аймактарды тазалап, бак-дарактарды отургузушкан. Бул иш-чаралар жергиликтүү тургундардын ыраазычылыгына ээ болгон.
Социалдык тармактардагы өз баракчаларында да таштанды сорттоо чоң зарылчылык экенин баса белгилеп, бул темада маалыматтарды активдүү жүктөп келишет.
Учурда FINCA Банк замандын талабына ылайык автоматтык жооп берүүчү "маектешме бот" программасынын үстүндө кызуу иштөөдө. Кардарларды күттүрбөй, убагында ыкчам жооп алуу мүмкүнчүлүгү жакынкы арада ишке ашаарын айтып өтүштү.