Бүгүн, 4-апрелде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаадагы “Кең-Сай” массиви менен таанышты. Анда жашоочулар көйгөйлөрдү тизмектеп жатып, 24,5 миллион сомго алынган трансформатордун ичи бош экенин билдиришти.
"Мен бул трансформаторду коруйм, 24,5 миллион сомго сатып алынып келген экен. Аны байлап койгом. Бирок сырты эле болбосо, ичинде эч нерсе жок. Мен бул жакты карайм. Болбосо бул жерлерди тоноп кетишет", - деди кароол.
Ошондой эле жашоочулар андан алыс эмес подстанцияны да айтышып, алардын да ичи бош экендигин билдиришкен. Ал эми жеке ишкерлер мэрияга сатып алуу үчүн 200 миллиондон ашык суммага сунуштап жатканын кызмат адамдары кошумчалашкан.