Мындан ары Орусиядагы мектептерге орус тилин билбеген мигрант балдар кабыл алынбайт. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин билдиргенин жазышты.
Маалыматка ылайык, 1-апрелден тарта Орусияда билим берүү мекемелерине кирген мигранттардын балдары үчүн тестирлөө киргизилет. Анда мектепке кириш үчүн бала берилген суроолордун 90 пайызына туура жооп бериши керек.
Мындай талаптар баланын орус тилин канчалык деңгээлде өздөштүргөнүн так аныктоого, окуу программасын ийгиликтүү өздөштүрүүгө жана орус мектептерине ыңгайлашууга жардам берет деп түшүндүрүлгөн.
1-класска кабыл алынып жаткан балдардан жазуу түрүндө тест алынбайт, алардан оозеки түрдө баланын орус тилин түшүнүүсү жана сүйлөөсү текшерилет. Эгер бала тесттен өтпөй калган учурда, 3 айдан кийин кайрадан тапшырууга мүмкүнчүлүгү бар экени кошумчаланды.