Жолдор жабылат. Бишкекте веложүрүш уюштурулат 

Бишкек шаарында 6-апрель күнү жазгы велосезондун ачылышы өтөт. Бул тууралуу борбор калаа мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, веложүрүш саат 10:00дө Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында башталат. Каттоо ошол жерде 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт.

Ал эми финиш "Газпром-балдарга" дене тарбия – ден соолукту чыңдоо комплексинде болот. Бул жерде спорт сүйүүчүлөрүн көптөгөн кызыктуу оюн-зоок программалары күтөт. Жүрүштүн жалпы узундугу 5,5 чакырымды түзөт.

Иш-чарага байланыштуу аталган күнү Абсамат Масалиев проспектисинин Байтик баатыр көчөсүнөн Чортеков көчөсүнө чейинки түндүк тарабы убактылуу унаа кыймылы үчүн жабык болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан