АКШга жооп. Кытай Америкадан келген товарларга жаңы бажы алымдарын киргизди

Кытай бардык америкалык товарларга 34 пайыз кошумча алым киргизип жатканын билдирди. Бул тууралуу Орусиянын РИА новости басылмасы жазды.

"Америка Кошмо Штаттарынан келген бардык импорттук товарларга 34 пайыз кошумча алым алынат" деп жазылган маалыматта.

Токтом 10-апрелден тарта күчүнө кирери маалым болду.

Буга чейин, Кытайдын Соода министрлиги АКШнын жаңы бажы тарифтерине нааразылыгын билдирип, көп жылдык соода сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында жетишилген кызыкчылыктардын тең салмактуулугуна бул кадам доо келтире тургандыгын айтышкан.

Белгилей кетсек, кечээ, 3-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп 9-апрелден тарта америкалык соода өнөктөштөрүнө бажы төлөмдөрү боюнча тарифтерди киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Тизмеде ондогон өлкөлөр бар, алардын катарын Кытай да толуктайт.

Таблицада АКШ Евробиримдиктен - 20 пайыз, Кытайдан - 34, Улуу Британиядан - 10, Вьетнамдан - 46 жана Индиядан - 26 пайыз импорттолгон товарларга тарифтер киргизилген. Кийинчерээк Ак үй Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан кирген тарифтердин толук таблицасын жарыялаган. Бул Борбор Азия өлкөлөрү үчүн 10 пайыз бажы алымдары киргизилген, анткени бул мамлекеттерде АКШдан келген товарлардын тарифтери окшош.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан