БАЭде туристтер түшкөн аба шары кулап, эки адам каза болду

Бириккен Араб Эмираттарында туристтер түшкөн аба шары кулап, анын кесепетинен эки чет элдик турист каза болду. Дагы бир нече адам жаракат алганы Shot Telegram-каналында кабарланды.

Маалым болгондой, окуя экскурсиялык тур учурунда болгон. 12 туристтен турган топ таңкы убакта Дубайдын жанындагы чөлдүн үстүнөн аба шары менен уча баштаган. Пландаштырылган максималдуу бийиктик 1,2 чакырымды түзгөн.

Учуу башталгандан кийин болжол менен 40 мүнөт өткөндө шар бир тарапка ооп, андан соң ылдый кулаган.

Күбөлөрдүн айтымында, айрым жүргүнчүлөр кулап кетишкен, анткени алардын коопсуздук куру үзүлүп калган. Калгандары катуу жаракат алышып, аларды шардын куполу басып калган”, – деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан