Ош шаарынын аймагында бузуу иштеринен кийин бошотулган жер тилкелерге кенемте үчүн жер бөлүп берүү максатында жер алмашуу иштери боюнча комиссиянын кезектеги отуруму болду. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, отурумга Ош шаарынын мэринин орун басары – комиссиянын төрагасы Замир Юсупов жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
"Бүгүнкү күндө Ош шаарынын мэриясына 39 коммерциялык соода жайлардын жана 59 жеке менчик турак жай ээлеринен арыз келип түшкөн. Аларга комиссиянын чечими менен макулдук берилди.
Ал эми жолдун долбоору толук аягына чыгып, кызыл сызыктар аныкталган соң белгиленген тартипте жерлерди баалоо менен башка жактан жер берүү боюнча жумуштар жүргүзүлөт. Жарандардан келип түшкөн арыздар комиссия тарабынан өз учурунда каралат", - деп айтылды маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Рыспай Абдыкадыров көчөсу Калининге чейин узартылып, ортодо салынган үйлөрдүн мыйзамдуулугу текшериле тургандыгы
айтылган.