Ноокаттагы аймактык ооруканасынын 4 кызматкери мыйзамсыз жумуштан алынганы аныкталды

Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасында кызматкерлер мыйзамсыз жумуштан алынганы аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, мындай мыйзамсыз иш аракеттер аталган райондун прокуратурасы тарабынан аныкталган. Анда аталган оорукананын башчысынын эмгек мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынган буйругунун негизинде оорукананын 4 бөлүм башчысы ээлеген кызмат орундарынан негизсиз бошотулгандыгы аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында, мыйзамсыз кабыл алынган буйруктар жокко чыгарылып, аталган кызматкерлер мурдагы жумуш ордуларына кайрадан кабыл алынгандыгы маалыматта кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан