Бишкек мэриясына “Манас” аэропортуна бараткан жолдогу дарактардын мыйзамсыз кыйылгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Анда Васильев тракт көчөсүнүн боюндагы мыйзамсыз дарактарды кыюу аныкталды. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, бул мыйзам бузуу фактын негизинде «Бишкекжашылкурулуш» МИнын жана Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү.
"49 дарактын “Кара-Жыгач” жана “Ива” түрлөрүн кыюу учуру катталды. Ошондой эле уруксатсыз санитардык кыюу да болгон. Маалым болгондой, дарак кыюу иштери алдын ала макулдашпастан жүргүзүлгөн. Экологияга келтирилген зыяндын анализи жүргүзүлдү. Ар бир дарактын диаметри өлчөмдөлүп, экологдор тарабынан айып пулдун суммасы чыгарылат", - деп айтылат маалыматта.