“Колун скотч менен байлап...” Токмокто кызды мажбурлап ала качып кеткен жигит кармалды

Чүй облусунун Токмок шаарында кызды үйлөнүү максатында уурдап кеткен жаран кармалды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, шаардык милицияга 2004-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Анда ал 24 жаштагы жигит аны макулдугу жок үйүнө үйлөнүү максатында уурдап барып, кокутүп үйүндө алып отургандыгын айткан.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, жигит кызды үйүндө скотч менен колдорун жылуулук түтүгүнө байлап отурган. Жигит уктап калганда кыз бошонуп чыгууга жетишкендиги кошумчаланган.

Аталган факты Токмок ШИИБине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси (Адамды никеге турууга мажбурлоо) менен кылмыш иши козголгон.

Анын натыйжасында 2001-жыды туулган Т.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан