Кечээ, 5-апрелде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ала-Арча суусунун Алтымышев көчөсүн, ошондой эле Малдыбаев көчөсүндөгү жээктин тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, шаар башчысы Ала-Арча суусунун жанындагы иштеп жаткан жана курулуп жаткан объектилердин иш жүзүндө чек арасын жана мыйзамдуулугун текшерүү тапшырмасы берилди.
Мэрия мүлкү дарыялардан жана каналдардан 15 метрге жетпеген аралыкта жайгашыш керектигин эскертип, буга байланыштуу объект ээлерин талапка ылайык келтирүүнү эскертет. Эгерде аткарылбаса мыйзам чегинде чаралар көрүлө тургандыгы кошумчаланган.
Аны менен катар тратуарлардын үстүнө курулуш куруп алгандар да мыйзам чегинде карала тургандыгы айтылды.