Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында “Велосезон–2025” аттуу салтка айланган веложүрүш өттү. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркындагы эстеликтен башталып, “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде аяктады. Катышуучулар 5,5 чакырым аралыкты велосипед тээп өтүштү. Жүрүш соңунда атайын майрамдык программа уюштурулгандыгы кошумчаланды.
Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева катышып, шаардыктарды куттуктап, Бишкекте вело спортун өнүктүрүү зарылдыгын баса белгиледи.