Түштүк Корея президенттик шайлоону 3-июнда өткөрүүнү пландаштырууда

Түштүк Кореянын бийлиги мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону ушул жылдын 3-июнуна белгилөөгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Yonhap агенттиги өкмөттөгү булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Маалым болгондой, шейшембиге белгиленген Министрлер кабинетинде шайлоо өткөрүү маселеси каралат.

"Шайлоо күнүн аныктоо үчүн Министрлер кабинетинин жыйынын өткөрүү зарылдыгын айткан так мыйзам ченемдери жок. Бирок бул добуш берүү күнүнө убактылуу дем алыш күнүн белгилөөнү талап кылган маанилүү жагдай болгондуктан, бул маселе Министрлер кабинетинин жыйынында каралат", - деп жазылат анда.

Буга чейин Түштүк Кореянын маалымат каражаттары мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун датасы шейшембиде Министрлер кабинетинин жолугушуусунан кийин белгилүү болорун жазышкан.

Айта кетсек, апрель айынын башында Түштүк Кореянын Конституциялык соту өлкөнүн президенти Юн Сок Ёлдун импичменти боюнча акыркы чечимин чыгарганы маалымдалган.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын декабрь айында Юн Сок Ёл өлкөдө аскердик абал киргизүү чечимин кабыл алган. Ошондон кийин парламент аны козголоң аракети үчүн айыптап, ага импичмент жарыялаган. Көп өтпөй депутаттар аскердик абалды алып салууга добуш беришкен. Ал 15-январда экинчи ирет суракка жеткирилип, андан кийин камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан