ТИМ башчысы Кулубаев Нью-Йоркко иш сапары менен барат

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-8-апрель күндөрү Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасына иш сапары менен барат. Бул жөнүндө министрликтен маалымдады.

Сапардын алкагында Кулубаев БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелерин жана анын мындан ары чыңдалышын талкуулашат.

Анда башкы катчы менен президент Садыр Жапаровдун өткөн жылдын июль айында жетишилген макулдашуулардын аткарылышына өзгөчө көңүл бөлүнөт.

Мындан тышкары, эл аралык кызматташтыктын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо үчүн аймактык уюмдардын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан