Хакасияда бороондон жабыркагандардын саны 40 адамга жетти. Алардын арасында эки бала бар. Бул боюнча аймактын Саламаттык сактоо министрлигинин Телеграм каналында кабарланды.
Маалым болгондой, алардын арасынан 5 адам ооруканага жаткырылган, бир бейтаптын абалы оор экени айтылды. Дагы 35 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.
"Коммерсантъ" басылмасы жазгандай, 5-апрелде катуу шамалдын кесепетинен республика боюнча 60ка жакын өрт чыккан. Мындан улам аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Белгилей кетсек, буга чейин бороондун кесепетинен 32 адам жабыркаганы маалымдалып жаткан.