Дагестандын Махачкала шаарында ээсинин мүрзөсүнөн 7 жыл кетпей, Хатико атка конгон мышык өлдү. Бул тууралуу ыктыярчылар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, үй жаныбары Санкт-Петербург шаарына жеткирилип, андан кийин өлгөн.
Февраль айында Махачкаланын тургундары мышыкты пневмония жуктуруп алып, оор абалда мүрзөдө жаткан жеринен табышып, атайын медициналык пунктка алып барышкан.
Мышыктын өлүгүн кайра Дагестанга жеткирүү пландалууда. Ыктыярчылар аны көп жылдардан бери жашаган ээсинин жанына көмүүнү пландашууда.