"Жол курабызбы же жер сатып алабызбы?". Мэр турак жайлар мыйзамга ылайык бузуларын билдирди

Бүгүн, 7-апрелдеги Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы Чыңгыз Айтматов проспектисин кеңейтүү үчүн буздурула турган жеке турак жайлар боюнча билдирүү жасады.

Анда мэр турак жайлар бузулганда кенемте төлөнөрүн, бирок баары мыйзам чегинде карала турганын айтып өттү.

"Буга чейин чын-чынына келгенде тешиктерди эле оңдоп келгенбиз да. Бул жылы эле 8 жол реконструкциядан өтүп, 4 жол жаңы курулат. Анан жолдор курулуп, реконструкция болуп жатса биз кайсыл жакка кеңейтебиз? Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги жолду айтып жатсаңар, биз айланма жолду бузуп жатканда алар деле бизди колдогон да. Ал жактан 464 объект, 69 копиталдык курулуш бузулган. Айтматов проспектисинде деле ушул көрүнүш.

Биз эч качан компенсацияны жокко чыгарган эмеспиз. Баарын мыйзам чегинде жасап жатабыз. Бирок баарыңар билесиңер, компенсацияга жеткенде спикуляция башталат. "Биздин оюбузча жер 80, 100 миң доллар турат эле" дешет. Биз жол курабызбы же булардын жерин сатып алабызбы? Түндүк айланма жолун куруп жаткан учурда 29 жаранга ипотекалык жол менен үйлөрдү бергенбиз. Биз дагы жолдорун издеп жатабыз. Бул жерде дагы ошондой болот.

Айтматов проспектисинде 68 объекттин ичинен 32 объект муниципалдык менчикке чыгып кеткен. Эмнеге аларды айтпайт? Ооба алардын 36сында кызыл китеп бар, 1940-1750-жылдарды эстеп жатышат, бирок союз учурунда жеке менчик деген болгон эмес да. Жеке менчик деген 1999-жылы кирип жатат. Биз дагы 1970-жылы башкы план болгон, түшүндүрмө берилген деп жатабыз. Бизде Бишкек шаарынын жарандарынын менчигине кол салалы деген оюбуз да, аракетибиз да жок", - деди мэр.

07.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан