Рыскулов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды

Бүгүн, 7-апрелде Бишкектеги Жаш Гвардия бульварындагы жолду оңдоп-түзөө менен бирге "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы жылуулук тармагын алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө.
Белгилүү болгондой, 7-апрелден 23-апрелге чейин диаметри 520 мм болгон эски түтүктү диаметри 720 мм болгон жаңы түтүккө алмаштыруу иштери жүргүзүлөт. Участоктун жалпы узундугу 112 метрди түзөт.
"Иштин жүрүшүнө байланыштуу Рыскулов көчөсүндөгү автотранспорттун кыймылы аталган бөлүктө толугу менен жабылат", - дешти шаардык мэриядан.
Бишкек шаардык мэриясы жол тыгынын болтурбоо үчүн каттамды алдын ала пландаштырууну жана жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан