Садыр Жапаров Twitter'ден аккаунт ачып, аны жеке өзү колдонуп жатат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров X (Twitter) социалдык тармагында расмий баракча ачып, аны жеке өзү колдонуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

"Мамлекет башчысынын Х (Twitter'деги) аккаунту тууралуу "Фейк эмеспи" деген көптөгөн суроолор түшүүдө. Сиздерге маалымат үчүн билдирип коёлу, президент Садыр Жапаров чын эле X (Twitter'де) расмий баракча ачып, аны жеке өзү колдонуп жатат.

Twitter – коомчулук жана эл аралык коомчулук менен ыкчам, ачык жана түз байланышуу үчүн эң эффективдүү платформалардын бири болуп эсептелет. Учурдан пайдаланып урматтуу ЖМК өкүлдөрүн жана соцтармак колдонуучуларын расмий аккаунтка жазылууга чакырам: https://x.com/sadyrzhaparovkg",- деп жазды ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан