"Сиздики туура эмес". Эдил Байсалов депутат Масалиевге жооп берди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Жеңиш майрамына арналган параддын 8-майга жылдырылышын сындаган депутат Исхак Масалиевге жооп берди.

"Сиздики туура эмес! Юбилейлик жылдары мамлекет башчысы (2005 жана 2010-жылдары милдетин аткаруучу) Москвадагы Жеңиш парадынын ардактуу конокторунун катарында болгон. Муну сиз билесиз. Альтернативалуу вариантты элестетип көрөлү: "Садыр Жапаров 9-майда Бишкекте өткөн параддан улам Москвага учуудан баш тартты" деп анда да күтүлгөндөй эле айыптоолорду сиз айтамсыз. Сиз ар дайым өткөндөрдүн элесин башкалардан көбүрөөк баалайм деген ойдосуз. Андыктан, сурооңузга "сиздики туура эмес" деп жооп берем, урматуу Исхак Абсаматович. Ар бир бийликтин чечиминен ката же кылмыш издегендерге кошулбаңыз", - деп жазды ал.

Буга чейин президенттин администрациясы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парад 9-майда эмес, бир күн мурун, 8-майда Бишкекте өтөрүн билдирген.

Масалиев буга чейин Жеңиш майрамы 9-майда гана белгиленип келгенин эске алып, аталган чечимди сындаган.

"Мындай чын эле болгон эмес. КОВИД жылын эсепке албасак, дайыма Улуу Женишке арналган аскер парад 9-май күнү өтчү эле. Кайда кетип баратабыз? Жакында күндү түн деп айтса эмне кылабыз достор?! Бир адамдын, жада калса президенттин кызыкчылыгы үчүн майрам күнүн алмаштырышат. Аскердик парадга министрлер кабинетинин төрагасы же анын биринчи орун басары катыша алат да. Меники туура эмеспи?", - деп жазган ал Facebook баракчасына.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан