Бүгүн, 7-апрелде УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Талас облусунда кыргыз-тажик чек ара жаңжалында курман болгон жоокер Дастан Анабековдун ысымы ыйгарылган бала бакчанын ачылышына катышты. Жеринен тартылган видеону Өткүрбек Рахманов Facebook баракчасына жарыялады.
"Дастандын атасы Алмаз Анарбекович, Апасы Сауле Бакытовна, мен сиздердин алдыңыздарда башымды ийип таазим этем. Дастан балабызды төрөп, өстүрүп, тарбиялагансыз. Дастан сиздер айткан тилекти орундатып кетти. Бул өмүрдө ал биринчиден ата-энеси тарабынан тагылган милдетти, экинчиден мамлекет тарабынан тагылган милдетти ак, таза аткарды", - деди ал.
Белгилей кетсек, Дастан Анарбеков 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда баатырдык менен курман болгон.