
Кызыл-Кыя шаарында 8 айдан бери дайынсыз болуп жаткан жаран Ысык-Көл облусунан табылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Кызыл-Кыя ШИИБге Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айылынын тургуну 2024-жылдын 11-сентябрь күнү баласы 35 жаштагы Төрөкулов Акбар Мажитович Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан автобекеттен Бишкек шаарына такси менен кетип, 16-сентябрь күнү апасына байланышка чыгып, ошол күндөн тартып дайынсыз жоголуп кеткендигин билдирип, арыз менен кайрылган.
Бул факты электрондук журналга катталган. Издөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы жаран апрель айынын башында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан табылып, Баткенге жеткирилген.