Англиялык “Манчестер Сити” футболдук клубунун жана Кот-д'Ивуар курама командасынын жарым коргоочусу Яя Туре 3-ирет катары менен Африканын “Мыкты футболчусу” аталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул сыйлык үчүн добуш берүүдө 30 жаштагы Яя Туре атаандаштары Жон Оби Микел менен Дидье Дрогбаны ашып түшкөн.
Эске салсак, Яя Туре 2013-2014 сезонунда “Манчестер Ситинин” курамында азырынча 24 оюн өткөрүп, 11 гол киргизди.