ТИМ “Электрондук консул” маалыматтык системасынын сайтын ишке киргизди 

Өлкөдө "Электрондук консул" маалыматтык системасынын веб-сайты – www.e-consul.gov.kg ишке киргизилди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, сайт аркылуу кыргызстандыктар, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үч багытта маалымат ала алышат. Алар:

  • Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаменти, дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү консулдук кызматтардын тизмеси;
  • Паспорттун түрүнө жараша чет өлкөгө баруу шарттары жөнүндө маалымат;
  • Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин байланыш маалыматтары жана башка пайдалуу маалыматтар.

"Сайт ошондой эле консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектри боюнча кыргыз, орус жана англис тилдеринде онлайн-консультацияларды алуу мүмкүнчүлүгүн берет: визаларды тариздөө, паспорттоштуруу, жарандык абалдын актыларын жазууну каттоо, өлкө жарандыгы боюнча маселелер. Мындан тышкары Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары тарабынан берилген документтерди легалдаштыруу жана консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн башка аспектилери. Консультациялар социалдык тармактар – Facebook, Instagram, WhatsApp жана Telegram аркылуу күнү-түнү онлайн режиминде берилет", - деп айтылат маалыматта.

Консулдук кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатуу үчүн төмөнкү жаңы онлайн-кызматтар ишке киргизилди:

  1. Электрондук булут колтамгасы аркылуу консулдук каттоого туруу жана каттоодон чыгаруу;
  2. Мамлекеттик (консулдук) кызматтарды алуу үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана консулдук мекемелерге кабыл алууга электрондук жазылуу аркылуу ыңгайлуу күнүн жана убактысын тандоого мүмкүндүк берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан