Бишкекте чөнтөк телефондорун уурдаган кылмышкер кармалды
Укук коргоо кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын коомдук транспорттук маршрутунан 5 чөнтөк телефонун уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кармалган жаран мурун дагы соттолгон 1983-жылы төрөлгөн Н.Нур. Кылмышка шектүү деп кармалган жарандын айтымында, ал чөнтөк буюмдарын уурдоо иштерин Щербаков, Тоголок Молдо, Баялинов жана Киев көчөлөрүндө жүргөн 192, 145, 155 жана 285-маршруттарынан жүргүзгөн. Учурда Н.Нурга карата жогоруда айтылган кылмыштуулук боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Ал эми уурдалган телефондор ээлерине кайтарылып берилди.