Быйыл Бишкек шаарына 235 998 даана Голландиядан алынып келинген жоогазындар отургузулду. Учурда алардын алгачкылары гүлдөп, шаар тургундарын жана конокторун кубандырып жаткан кези.
Калаа бийлиги билдиргендей, шаар тургундары Эмен паркында, филармониянын имаратынын жанында, Театралдык жана Дене тарбия скверлеринде, ошондой эле Жеңиш, Ататүрк парктарында, Карагач токоюнда гүлдөп турган жоогазындарды көрө алышат.
"Борбор калаанын бардык тургундарын жана конокторун жаздын жана гүлдөгөн жоогазындардын кооздугунан ырахат алууга чакырабыз", - дешти мекемеден.