
9-апрелден тарта Бишкектин Фрунзе көчөсүнүн Т.Айтматов көчөсүнөн Ахматбек Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери башталат. Буга байланыштуу аталган тилкеде унаа кыймылы 31-августка чейин жабылат.
Аталган жайда эскирген түтүктөрдү алмаштыруу иштери жасалат.
Реконструкциялоонун алкагында түтүктүн диаметри 900 миллиметрден 1000 миллиметрге чейин көбөйтүлөт. Бул гидротехникалык режимди жакшыртат жана жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.