Синоптиктердин маалыматына ылайык, эртең, 9-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8 ... +13, күндүз +20 ... +25;
- Талас жергесинде түнкүсүн +5 ... +10, күндүз +18... +23;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9 ... +14, күндүз +16... +21;
- Ысык-Көлдө түнкүсүн +3 ... +8, күндүз +13 ... +18;
- Нарын дубанында түнкүсүн +1 ... +6; күндүз +14... +19;
- Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10 ... +12, күндүз +21... +23 градус болот