Бүгүнкү күндө Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулуш иштери Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында кызуу жүрүүдө. Бул туурасында бүгүн, 8-апрелде "Кыргыз темир жолу" ишканансынан билдирди.
Маалымдалгандай, учурда аталган жолдун 40-чакырымында бургулоо жана жардыруу жумуштары аткарылууда.
"Балыкчы-Кочкор темир жол линиясы өлкөнүн ички темир жол тармагын өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ. Бул маршрут келечекте Макмалдагы бекет аркылуу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна туташып, өлкө ичинде бирдиктүү темир жол түйүнүн түзүүгө жол ачат. Бул ири инфраструктуралык долбоор Кыргызстандын экономикалык жана транспорттук потенциалын жогорулатуу менен катар, региондордун өнүгүшүнө да салым кошот", - деп айтылат маалыматта.