Кыргызстанда дүйнөлүк лидер компаниялардын бири завод ачты

Бүгүн, 8-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев телекоммуникациялык жабдууларды өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер Hytera компаниясынын жаңы заводунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Маалымдалгандай, Амангелдиев бул долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн үлгүсү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча өлкөнүн ырааттуу ишинин ырастоосу экенин баса белгиледи.

"Бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, ачык-айкын жөнгө салуу жана инфраструктураны колдоо ишин уланат. 2024-жылы 102 жаңы өнөр жай объектиси ишке кирсе, 2025-жылы дагы 128 объектти пайдаланууга берүү пландалууда. Бул аймактардын өнүгүшүнө түрткү болуп, миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Ал эми бул завод Кыргызстандын өнөр жай жана илимий өнүгүү тарыхында жаңы баракты ачып, туруктуу өсүштүн, жогорку сапаттагы жана технологиялык лидерликтин символу болуп каларына ишенем", - деп белгилеген Амангелдиев өз сөзүндө.

Маалыматта байланыш жабдууларын жана фото-видео жазуу системаларын чогултуучу Hytera заводу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен түзүлгөнү белгиленген. Долбоордогу инвестициянын көлөмү 1 миллион долларды түзгөндүгү кошумчаланды.

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу:

  • Жылына 57 миң даанадан ашык продукция.
  • 700 чарчы метр заманбап өндүрүш аянты.
  • 50 жаңы жумуш орундары.
  • Сапатты автоматташтырган контролдоо.
  • Алдыңкы технологияларды колдонуу жана кадр дараметин өнүктүрүү.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан