Бишкекке жаңы электробустар үчүн атайын жайлар даярдалууда (видео)

Бишкек шаарында жаңы электробустар үчүн жайлар даярдалууда. Бул тууралуу калаа бийлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган жайлар шаардагы транспортторду электрлештирүү долбоорунун алкагында жана шаарды экологиялык таза, заманбап коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында даярдалып жатат.

"Азыркы учурда Бишкек троллейбус башкармалыгынын аймагы жаңы электробустарды жайгаштыруу үчүн кайра даярдалуунун үстүндө. ДЕПО-1 жана ДЕПО-2 аймагы автобустар үчүн токтотуучу жайга ылайыкташтырылып, заманбап электр кубаттоочу жабдуулар орнотулууда. Буга чейин айдоочуларды үйрөтүү жана даярдоо максатында шаарга эки электробус келген", -деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мэрия Азия өнүктүрүү банкы каржылаган долбоорго ылайык, Бишкекке 120 даана электробустун келүүсү күтүлүп жатканын кошумчалады.

Бишкек шаарынын мэриясы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан