“Шериктештик кубогу-2014” мелдешине катыша турган Кыргызстан курама командасынын курамы белгилүү болду

Бүгүн, 10-январда футбол боюнча 21 жашка чейинки Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Анарбек Ормонбеков “Шериктештик кубогу-2014” мелдешине бара турган курамды бекитти. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курамга 21 футболчу чакырылды. Курам төмөнкүчө:

Дарбазачылар: Андрей Ситоленко (германиялык “Магдебург” клубунун оюнчусу), Илим Оморов (“Алга”).

Коргоочулар: Мустафа Юсупов (“Дордой”), Акрам Умаров, Манас Карипов, Владислав Барсуков, Кайрат Көлбаев, Тамирлан Козубаев, Егор Найденов (баары “Ала-Тоо”), Бекжан Нукеш уулу (“Алга”).

Жарым коргоочулар: Авазбек Откеев, Бекжан Сагынбаев (экөө тең “Дордой”),  Бектур Талгат уулу, Мирбек Акматалиев, Фархат Мусабеков (баары “Абдыш-Ата”), Аман Талантбеков, Санжар Шаршеев, Элхан Темирбаев (“Ала-Тоо”), Бекмурза Дубанаев (“Алай”).

Чабуулчулар: Динмухаммед Таалайбеков (“Дордой”), Кайрат Жыргалбек уулу (“Абдыш-Ата”).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
abdi91
2014-01-10 23:38:27
кыргызстан алгааа
0
fanatkg
2014-01-11 01:12:12
Тактикасы 4-5-1 окшойт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан