Бишкектин Биринчи Май райондук соту Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу мени актаган чечим чыгарды. Бул тууралуу мурдагы баш прокурор Аида Салянованы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында айтты.
"Бүгүн актоо чечими чыкты. "Адилеттүүлүк жарым-жартылай болбойт" деп айтылат эмеспи, эми тилекке каршы Азиз Батукаев боюнча актоо чечими чыккан жок. Бирок эбак эле мөөнөтүп өтүп кеткен. Ошону негиз кылып, сот ал ишти "мөөнөтү өтүп кеткен" деп жаза чегерүүдөн баш тарткан чечим кабыл алды. Биз толугу менен актоону күтүп, болгон далилдерибизди келтиргенбиз. Тогуз жылдык жыйынтык. Бул дагы чоң жеңиш. Алдыда дагы актыгымды далилдөөгө болгон күчүмдү жумшайм", - деди ал.
Ошондой эле Салянова тогуз жыл колдоо көрсөткөндөргө жана жактоочуларына ыраазычылыгын билдирди.
Аида Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган.
Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кире турган болгон. Соттун бул чечимин кийинки инстанциялар да күчүндө калтырган.