Министр Кендирбаева Токтогулда мугалимдер менен жолугушту

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы №29 М. Нургазиев атындагы орто мектебинде мугалимдер менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

8-апрелде өткөн иш-чарага Токтогул районунун акими Акылбек Тюкебаев, райондогу мектеп директорлору, окуу бөлүмүнүн башчылары, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер жана айылдын тургундары катышты.

Министр анда педагогдорго «Алтын казык» билим берүү системасын трансформациялоо программасын аткаруунун алкагында 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча отчёт жана 2025-2026-окуу жылына карата пландар тууралуу айтып берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан