Белгилүү жылдыздар Мадонна менен Элтон Жон 23 жылдан кийин жарашканын айтышты 

Америкалык белгилүү ырчы Мадонна менен музыкант Элтон Жон 23 жылдан кийин жарашкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка ылайык, Элтон Жон Мадоннадан айткан сөздөрү үчүн кечирим сурап, ал үчүн ыр жазганын билдирген.

Эки жылдыздын ортосундагы тирешүү 2002-жылы Элтон Жон CBS News телеканалына берген маегинен улам башталган. Анда ал Мадоннанын "Азыр өлбөй турчу" аттуу тасмасында аткарган ырын "эң начар саундтрек" деп атаган.

Ошондой эле эки жылдан кийин Элтон Жон сыйлык тапшыруу аземинде Мадонна фонограмма менен ырдай турганын айтып, аны уккан күйөрмандарын шылдыңга алган.

Ал эми жакында эле Элтон Жон менен Мадонна сахна артында жолугушуп калышкан. Анда музыкант ырчыдан кечирим сурап, андан соң ага ыр жазып, кызматташууну каалай турганын айткан.

Андан кийин ырчы Мадонна Инстаграм баракчасында "биз акыры бул согушту токтоттук" деп билдирүү калтырган. Ошондой эле ал бала кезинен бери суктанган адамынын чыгармачылыгын эл алдында сындап, душмандык мамиле кылганын кечирүү кыйын болгонун кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан