И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (КМТУ) жылытуу, желдетүү жана муздатуу (HVAC) академиясынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. (LG) колдоосу менен түзүлгөн бул билим берүү-изилдөө борбору климаттык технологиялар, энергияны үнөмдөй турган чечимдер жана инженердик системалар боюнча иштин көзүн билген адистерди даярдаган маанилүү жер болот.
Салтанаттуу аземге мамлекеттик органдардын, дипломатиялык корпустун жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты. Иш-чарада куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана последипломдук билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исраилова, Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлү, Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Ким Кван Чжэ (Kim Kwang Jae), Борбордук Азиядагы LG Electronics компаниясынын президенти Хак-хён Ким (Hak-hyon Kim), КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев, ошондой эле «Poly Technology» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Жапар Усенов сөз сүйлөштү.
КМТУнун Жылуулук газ менен камсыздоо жана желдетүү кафедрасынын негизинде түзүлгөн академия студенттерге алдыңкы климаттык технологияларды чыныгы жашоого жакын шарттарда үйрөнүү үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк берет. Борбор LGнин заманбап жылытуу, желдетүү жана муздатуу тутумдары менен жабдылган, бул болочоктогу адистерге бул тармакты теориялык жактан өздөштүрүүгө жана алдыңкы технологиялар менен түздөн-түз иштөөгө өбөлгө түзөт. Учурда 30 студент окуудан өттү, ал эми жакынкы убакта дагы 200 студентти окутуу пландалууда.
LG Electronics компаниясынын Борбордук Азиядагы президенти Хак-хен Ким (Hak-hyon Kim) мырза мындай деп баса белгиледи: «HVAC академиясынын ачылышы Кыргыз Республикасында инженердик билим берүүнү өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат. Биз студенттер эми теориялык билимдерди гана алып тим болбостон, LGнин алдыңкы технологияларында практикадан өтө аларына сыймыктанабыз. Биздин компания ар дайым технологияларды өнүктүрүүгө жана жаңы адистерди даярдоого багытталган демилгелерди колдоп келет. Бул долбоор университет менен “Poly technology” компаниясынын өнөктөштүктүн аркасында ишке ашырылды. Андыктан биз алардын кошкон салымы жана кызматташтыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз».
Окуу процессинде студенттер инновациялык HVAC системалары менен иштөө боюнча иш жүзүндөгү жөндөмдөрдү өрчүтүшөт, LG программалык камсыздоосун үйрөнүшөт, ошондой эле компаниянын мурун ишке ашырылган долбоорлору менен тааныша алышат. Курс учурунда алар жогорку технологиялуу жабдуулар менен иштей алышат, мунун аркасында алар эмгек рыногунда абдан зарыл болгон адистерден болол алышат.
«HVAC Академия студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, тактап айтканда, заманбап жабдуулар менен билим алып, BIMге шайкеш форматта эл аралык долбоорлоо стандарттарын өздөштүрүүгө шарт түзөт. Бул академия өлкөбүздүн жаңы муундагы инженердик кадрларын даярдоого бекем негиз болот»,— деп баса белгиледи «Poly Technology» - деди ЖЧКсынын негиздөөчүсү Жапар Усенов.
Академиянын ачылышы университет үчүн маанилүү окуя болуп, LGнин Борбордук Азияда билим берүүнү колдоо боюнча кеңири демилгесинин бир бөлүгү болуп калды. Иш-чаранын алкагында LGнин «Life’s Good» философиясы боюнча дарс өткөрүлүп, ага 150 студент жана өнөктөш катышты. Салтанаттын соңунда катышуучулар Академияга барып, жабдуулар жана окуу борборунун мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.
Студенттерди колдоо максатында LG университеттин китепканасына жаштарды кесиптик жана жеке өнүгүвп-өсүүдө жаңы ашууларды ашууга шыктандыра турган LG Brave Optimists китептерин тапшырды.