Инстаграм өспүрүм колдонуучулары үчүн жаңы чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, Инстаграм социалдык тармагына ээлик кылган Meta компаниясынын башкы директору жана негиздөөчүсү Марк Цукерберг өспүрүмдөр үчүн жаңы эрежелерди киргизген. Эми 16 жашка толо элек колдонуучулар ата-энесинин уруксаты жок аталган социалдык тармактан түз эфирге чыга албайт.
Мындан тышкары өспүрүм колдонуучулар ачык кийинген сүрөттөрдү автоматтык түрдө бүдөмүктөй турган функцияны өчүргүсү келген учурда дагы ата-эненин уруксаты керек болот.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын сентябрь айында Meta компаниясы ата-энелер балдарынын Инстаграм социалдык тармагын көзөмөлгө ала турчу функцияны ишке киргизген.
Компания мындай чечимди көп адамдардан "социалдык тармактар өспүрүмдөргө терс таасирин тийгизип жатат" деген сындардан улам кабыл алган.