Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Пакистандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушууда Байсалов Пакистан Кыргызстандын тышкы саясатында маанилүү орунду ээлей турганын белгилеп, эки тараптуу мамиле жылдан жылга бекемделип, анын жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүлүшүнө жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын кошумчалаган.
Өз кезегинде Хасан Али Зайгам кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы туурасында келишимдин кабыл алынышын кубануу менен белгилеген.
"Тараптар CASA-1000 долбоорунун алкагындагы "Датка-Сугд" 500 киловольт линиясынын ишке киришин кубатташты. Ошондой эле жакынкы арада Исламабадда өтүүчү Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиянын 5-жыйынына даярдык маселесине өзгөчө көңүл бурулду", - деп жазылат маалыматта.