Словакиянын Братислава шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Европа чемпиондугунда мурдагы орус балбанынын катышуусунда күтүүсүз жагдай орун алды.
Тагыраагы, Албаниянын атынан чыгып жаткан түндүк осетиялык Чермен Валиев эркин күрөш боюнча 74 килограмм салмакта Европа чемпиону болду. Финалда ал атактуу орусиялык балбан Заурбек Сидаков менен кез келип, 4:2 эсебинде жеңип алды.
74 килограмм салмактагы балбандарды сыйлоо Орусиянын Күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвилиге жүктөлдү. Ал Чермен Валиевге алтын медалды тагып жатып, экөө кыска сүйлөшүүгө жетишип, андан кийин балбанга алтын медалды жулкуп туруп такты. Анын бул кылыгы көпчүлүктү таң калтырды.
Балбан менен федерация президенти эмне деп сүйлөшкөнү айтылган жок.