Рапунцелдин үнүн коштогон Мэнди Мур 41 жашка толду

Мэнди Мур – америкалык ырчы, актриса жана композитор. Ал 2000-жылдары эле шоу-бизнеске кадам таштап, акырындык менен Голливуддун белгилүү жана сүймөнчүк жылдызына айланган.

Анын толук аты Аманда Лей Мур. Ал 1984-жылы 10-апрелде АКШда төрөлүп, музыка дүйнөсүнө 15 жашынан эле аралашып, таанымал боло баштаган.

1999-жылы "Чыныгы сезим" (So Real) аталышындагы дебюттук альбому чыккан. Альбомдогу "Момпосуй" (Candy) аттуу ыры хит болуп, көптөгөн өлкөлөрдө кайталанып угулган ырга айланган. 2000-жылдардын башында кыргыз радиолорунда жана телеканалдарында бул ыр көп жаңырып, сүйүп угуучулары арбыган.

Ырчынын "Бир гана үмүт" (Only Hope), "Көз жаш" (Cry) аттуу жана башка ырлары, саундтректери ошол жылдары популярдуулукка жетип, терең мазмуну, эмоциялуулугу менен кыргыз күйөрмандарынын да көңүлүнөн орун алган.

Мэнди Мур Британ поп, америкалык поп жана фолк жанрларын аралаштырган обондору менен өзгөчөлөнөт. 2002-жылы чыккан "Эскерилүүчү сейилдөө" (A Walk to Remember) тасмасындагы ролу аны актриса катары тааныткан. Анда жөнөкөй, таза жүрөктүү кыздын образын жараткан. Бул тасма өлкөбүздө да жакшы көрүлүп, тасманын өзү да, тасмадагы Мэндинин саундтреги да сүймөнчүккө айланган.

Ырчы аталган фильмдеги ролу үчүн көптөгөн сыйлыктарды алган. Атай кетсек, "Жаштар тандоосу" сыйлыгы (Teen Choice Awards) менен жаштар арасында популярдуулукка жетишкендиги үчүн сыйланган.

Ошол эле жылы "Сүйүүгө шашыл" (Спеши любить) тасмасы да чыгары менен көптөгөн тилдерге которулуп, дүйнө жүзү боюнча көрүүчүлөрдүн жүрөгүн багындырды. Тасма азыркы күнгө чейин сүйүү жана жоготуу тууралуу эң таасирдүү фильмдердин бири болуп саналат. Ал Николас Спаркстын романынын негизинде тартылган. Роман сүйүүчүлөрү башкы каарманды Мур таланты менен мыкты ачып бере алган деп жогору баалашкан.

Ал 2010-жылы чыккан "Рапунцель" мультфильминдеги башкы каармандын үнүн коштогон. Мультфильм дүйнө жүзү боюнча популярдуу болуп, анын ырлары да хитке айланган. Мур "Дисней ханшайымдары" (Disney Princess) дүйнөсүндөгү башка мультфильмдерге да уникалдуу үнү жана эмоциясы менен үн кошкон актрисалардын катарына кирет.

2022-жылы Мэнди Мур "Голливуддагы Даңк Аллеясы" (Hollywood Walk of Fame) атактуулар жылдызына ээ болгон. Бул анын чыгармачылыгындагы ийгилигин жана кино тармагындагы эмгегин баалангандыгын билдирет.

Жеке жашоосуна кыскача токтоло кетсек, 2018-жылы музыкант Тейлор Голдсмитке турмушка чыккан. Экөөнүн эки уул, бир кызы бар. 2019-жылы туң уулу Август Хэррисон Голдсмит төрөлгөн. Экинчи уулу Оуэн Мэйсон Голдсмит 2021-жылы, ал эми кызы Луиза Эверетт Голдсмит 2024-жылы төрөлгөн.

Жакында эле ал жолдошу менен бирге 2025-жылдагы "Грэмми" сыйлык тапшыруу аземине катышып, кызыл килемде басышкан.

Ушул жылдын январь айындагы Лос-Анжелестеги өрт Мэнди Мурдун үй-бүлөсүнө да залакасын тийгизди. Бул тилсиз жоодо алар үйүн жоготуп, коопсуз жайга көчүүгө мажбур болушкан.

Учурда Мэнди Мур чыгармачылыгын улантып, коомдук иш-чараларга активдүү катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан