Жаз – жаратылыш гүлдөгөн мезгил жана О! түйүнү табият менен бирге жаңыланууда! 4G LTE түйүнүн масштабдуу модернизациялоонун алкагында Кыргызстандын ондогон шаарлары менен айылдарында жабдууларды жаңыртуу иштери аткарылды. Бул өзгөчө аймактардын жашоочулары үчүн маанилүү, себеби сапаттуу мобилдик байланыш – бир гана ыңгайлуулук эмес, ошол эле учурда санариптик сервистерге, онлайн-билим берүүгө жана жакындар менен баарлашууга дагы мүмкүндүк алуу.
Өзгөчө көңүл кыргыз «сакурасы» гүлдөгөн Баткен областына бурулду. Өрүкзарлар чындап жомоктогудай пейзажды жаратат. Популярдуу трэвел-инфлюенсер Нурсултан Аттокуров жакында эле өлкөнүн түштүк өрөөнүнө саякаттап барып, түштүктөн ысык фотосалам жолдоду – О! түйүнү сигналдын мыкты сапатын жана керемет сүрөттөр менен соцтармактардан эркин бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн камсыздай алат. Ажайып көрүнүштү өз көзүбүз менен көрүп, суктанып келсек жакшы болмок!
О! түйүнү үзгүлтүксүз модернизацияланып тургандыктан, кыргызстандыктарда өлкөнүн дээрлик бардык жерлеринен заманбап санариптик кызматтардан пайдалануу, онлайн-билим алуу жана жакындары менен байланышта болуп туруу мүмкүнчүлүгү бар. Алыскы калктуу пункттар үчүн ишенимдүү байланыш абдан маанилүү жана О! оператору байланыштын баарына жеткиликтүү болушун камсыздоону улантууда.
О! байланышы жакшыртылган жерлер:
Түйүндү өнүктүрүү – бул Кыргызстандын эң алыскы аймактарында дагы туруктуу байланышты камсыздоо багытында жасалган маанилүү кадам. О! өзүнүн абоненттерине кам көргөн жана санариптик технологиялардын жалпыга жеткиликтүүлүгүн камсыздаган оператор бойдон калууда!
Кыргызстанда байланыш операторун тандоодо О! мобилдик оператору – өлкө калкынын 99,8%ы камтуу зонасында жашаган 4G/3G/2G түйүндөрүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча өлкөнүн лидери экенин эстен чыгарбоо керек.
Камтуу картасын карап чыгуу жана ыңгайлуу тарифти тандоо o.kg сайтынан мүмкүн.
О! Колдоо кызматына күнү-түнү Whatsapp: https://wa.me/996705700700 же Telegram: @o_mobile_operator_bot аркылуу, o.kg сайтындагы онлайн-чатка жазыңыз, ошондой эле Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарынан жеке билдирүүлөр аркылуу кайрылыңыз.
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.