"Окуу баштала элек, ызы-чуу башталды". Дастан Бекешев ата-энелер балдарын мектепке каттай албай жатканын айтты (видео)

Бүгүн, 10-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев балдарды мектепке орноштурууда көйгөй жаралып, күн сайын ата-энелер кайрылып жатканын билдирди.

Эл өкүлү аталган маселени чечүү үчүн атайын бир күн белгилеп, Билим берүү менен Каржы министрлигинен суроолорго так жооп алууну сунуштады.

"Бир топ ата-энелер кайрылып жатышат. Жаңы окуу жылы баштала элек, бирок ызы-чуу башталды. Билим берүү министрлиги "биз эч нерсе кыла албайбыз, электрондук каттоо менен" дейт. Электрондук каттоо менен кезекке турса, мектептер бош эмес. Суроолор өтө көп. Биз апрель айында өкмөттүк саат уюштуруп, билим берүү менен каржы министрин чакырып, суроолорго жооп алалы. Жаңы окуу жылы кандай болот? 12 жылдык окууга даярбы? Алар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымат беришет, бирок ата-энелер дагы деле бир топ суроолорго жооп ала элек", - деди Бекешев.

Депутат Бекешевдин сунушун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Тургунбек уулу да колдоп, билим берүүгө өз убагында көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

"Билим берүүгө өз убагында көңүл буруу керек. Себеби билим берүү – биздин эртеңки келечек. Андан эч качан убакыт аябаш керек. Мен сизди толук колдойм. Сөзсүз түрдө билим берүү, каржы, экономика министрин чакырып, суроолорго жооп алалы", - деди төрага.

Жогорку Кеңеш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан