Орусиялык UFC мушкери Умар Нурмагомедов мекендеши, дагы бир атактуу мушкер Пётр Яндын чакырыгына жооп берди.
Пётр Ян буга чейин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу дагестандык мушкерди беттешке чакырган.
"Беттешке кел, менин каалоом – чемпиондук кур. Азыркы учурда алдыңкы 10дукка кирген мушкерлердин бардыгы бош эмес. Мен болсо алты ай күткүм келбейт. Умар, менимче, сен буга даярсың, кеттик!" - деп жазган Пётр Ян.
Бул билдирүүгө Умар Нурмагомедов болжолдуу беттеш боло турган күнүн жана ордун айтып жооп берди: "Мени бул чакырык таң калтырды. Эми Абу-Дабиге, октябрь айы", - деп жазды ал.
Карьерасында 32 жаштагы Пётр Ян 18 жеңишке жетип, 5 жолу жеңилген. Ал эми Умар Нурмагомедовдун эсебинде 18 жеңиш жана бир жеңилүү бар.