Бүгүн белгилүү ырчы, эмгек сиңирген артист, коомдук ишмер Самара Каримова 34 жаш курагын белгилеп жатат. Ал 1991-жылы Баткен облусунун Лейлек районундагы Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Өздүк майрамы тууралуу Инстаграмдагы баракчасына:
"Бүгүн менин туулган күнүм. 34-жазым, 34-жашым, кош кел!
Жаратканга чексиз шүгүр, Аллахыма, ата-апама чексиз ыраазымын!
Бактылуумун, шүгүр, шүгүр", - деп жазып, бул күндүн урматына 3 катталуучусунун комментарийге жазылган каалоосун аткарарын белгиледи.
Ырчы айым бул күндү кимдердин курчоосунда белгилейт, туулган күндүк маанайы кандай, ал тууралуу маек алдык:
- Саламатсызбы, Самара айым? Туулган күнүңүз кут болсун! Бүгүн сизди эң биринчилерден болуп ким куттуктады?
- Саламатсыздарбы! Чоң рахмат! Эң биринчилерден болуп балдарым куттуктады, алар Ошто. Өзүм болсо айрым съёмкалар, жеке жумуштарым менен Бишкектемин. Туулган күнүмдө үйгө келип калат деп аябай күтүштү. Бирок жумуштарым бүтпөй, бара албай калдым. Сааттын жебеси 12ни кагышын күтүшүп, видео аркылуу чалып куттуктап, атайын даярдаган видеолорун жиберишти. Балдарым чоңоюп калышыптыр деп ичимден башкача жылуу сезим болду.
- Өздүк майрамды белгилөө боюнча коом экиге бөлүнөт. Айрымдары жашоого келген күнүм деп кубанышса, кээ бирлери белгилегенди жактырышпайт. Сиз кайсынысына киресиз?
- Мен туулган күнүмдү күтөм, тосконду жакшы көрөм. Анткени кичинекейимден эле ата-энем сонун кылып өткөрүп беришчү. Өзгөчө атам аябай көңүл буруп, белектерди берип, аркасына көтөрүп алып бул күнү башкача эркелетчү.
- Эсте калган туулган күндүк белек эмне болду эле?
- Канча жашымда экеним так эсимде жок, атам менен апам өзүмдөн чоң куурчак алып келип беришкен. Ошол аябай эсте калыптыр. Азыр болсо балдарымдын бул күндү күтүп, колго жасаган белектери кубандырат. Жолдошум да сюрприз жасаганды жакшы көрөт.
- Жолдошуңуздан алган өзгөчө белек жөнүндө айта кетсеңиз.
- Негизи белектин арзан-кымбаты болбойт дешет. Бирок мен жолдошумдан жакшы, кымбат, чоң белектерди күтө берем, - деп тамашага салды.
- Жолдошум романтик, ар жылы туулган күнүмдө унутпай белек берет. Ар бир жолкусу өзгөчө, креативдүү жол менен күтүлбөгөн белектерди берип сүйүндүрөт. Ошондуктан ар бир белеги өзгөчө, мен үчүн маанилүү.
- Бул жылы туулган күнүңүзгө кандай план койдуңуз эле? Кимдердин курчоосунда өткөрөсүз?
- Акыркы 3-4 жылдан бери орозого, айт-арапага туш келип калып, белгилебей жүргөм. Бүгүн болсо Бишкектеги досторум "көптөн бери белгилебей калдың, кел, мунусунда чогуу тособуз" дешти. Досторумдун сунушу менен бүгүн чакан туулган күн өткөрүп коюуну чечтим.
- Жумуш убактысында же съёмка учурунда өздүк майрамыңызды белгилеп калган учурлар болду беле?
- Ооба, "Акшоола" сериалы тартылып жатканда түнгө чейин иштеп, баарыбыз чарчап калганбыз. Түнкү 12де съёмка болуп жаткан жерде свет өчүп, бир убакта чыгармачыл топ куттуктап, сюрприз жасашты. Команда ошол күнү мага такыр сыр билдирген эмес. Ошон үчүн күтүүсүз болуп, аябай сонун болгон. Эстесем ичим жылыйт. Учурдан пайдаланып режиссёр Ырыс Океновага, автору Жыпара Исабаевага жана бардык чыгармачыл топко ыраазычылыгымды билдирем.
- Эң сонун! Дагы далай өздүк майрамыңызды белгилеп, чыгармачылыкта ийгилик жаратып жүрө бериңиз.