Украина АКШдан абадан коргонуу системаларын жана башка курал-жарактарды 50 миллиард долларга сатып алууга даяр экенин билидирди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, Владимир Зеленский журанлисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Киев акысыз курал-жарак сурап жатпагандыгын эскертти. Ал Украина курал үчүн түздөн-түз же биргелешкен фондго салым катары төлөөгө даяр экенин белгиледи, аны түзүү жаратылыш ресурстары боюнча талкууланган келишимде каралгандыгы кошумчаланган.
Украинанын лидери сөзүн улай АКШ президенти Дональд Трамп менен курал сатып алууну сүйлөшкөнүн кошумчалады.