Сабап, телефонго тартышып... Ошто бир адамды ур-токмокко алган делип эки адам кармалды

Ош шаарында 36 жаштагы жаранды ур-токмокка алган деген шек менен 2 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Ош ШИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 12-март күнү саат 22:30 чамаларда Ош шаарындагы Улук-Ата кафесинин алдынан 36 жаштагы жаранды жалган жалаа менен сабашып, андан соң аны Matiz 2 үлгүсүндөгү унаа менен шаар сыртына алып чыгышкан жана ошол жерде ур-токмогун улантышкан. Шектүүлөр өздөрүнүн кылганын телефондоруна тартып алышкан.

Факты каттоого алынып, жабырлануучу анча оор эмес жаракат алганы аныкталган. Андан соң Кылмыш-жаза кодексинин "Адам уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Укук коргоо кызматкерлери шектүүлөрдү Өзгөн районунун аймагынан, тагыраагы, Ош-Бишкек унаа жолунда кетип бара жатышканда колго түшүрүшкөн. Алар Араван районун тургундары экени такталган.

Мындан улам алардын кичи мекениндеги үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлүп, 26 жаштагы шектүүнүн үйүнөн ПМ-49 19С03803 сандуу жазуусу бар, тиешелүү документи жок ок аттучу курал табылган. Шаардык милиция алар 2 айга камакка алынганын кошумчалады.

10.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан