Бишкектин Биринчи май РИИБдин кызматкерлери район аймагында жашаган өспүрүмдөргө жагымдуу маанай тартуулашты. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирип, видео жарыялады.
Маалымдагандай, атайын даярдалган белектерди Биринчи май РИИБдин жашы жете электердин иши боюшча инспекциясынын башчысы Аман Кызалаков баш болгон милиция кызматкерлери тапшырган.
Ошондой эле өспүрүмдөрдүн ата-энелери менен жолугушуу болуп, алардын балдары сабакка кандай катышып жатышканы тууралуу сүйлөшүшкөн.