ОшМУнун алдына Ала-Тоо породасындагы кыргыз коюнун эстелиги тургузулду

Жаңы Ала-Тоо породасындагы кыргыз койлорун өнүктүрүү боюнча ОшМУнун чоң жыйындар залында биринчи эл аралык илимий -практикалык конфереция өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер, кошуна өлкөлөрдөн чакырылган илимпоздор жана фермерлер катышышкан. Конференциянын алдында Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, физкультура, туризм жана агрардык технологиялар институтунун алдында Ала-Тоо коюнун скульптурасынын салтанаттуу ачылышы болгон.

Ош облусунун башчысынын биринчи орун басары аталган жаңы породанын түзүлүшү айыл чарба тармагынын келечеги үчүн зор жетишкендик экенин белгилесе, Айыл чарба министринин өкүлү жаңы Ала-Тоо породасындагы койлорго патент алууга укук берилгенин билдирген.

"Түштүк аймагында чыгарылган эт багытындагы "Ала-Тоо" породасы жергиликтүү кыргыз койлоруна гиссар кочкорлорун аргындаштыруу жолу менен алынган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Neizvestno777
2025-04-11 01:04:00
Туура эмес жерге коюлуп калыптыр,жогорку кенеш алдына коюш керек болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан