Кыргызстандык бийчилер Азия чемпиону болушту

Кыргызстандын бийчилери 4-6-апрель аралыгында Малайзиянын Жохор-Бару шаарында өткөн Азия чемпионатында жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү. Бул тууралуу Бий спортунун федерациясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Дмитрий Блинков жана Асел Мамбетова 21 жашка чейинки латиноамерикалык программа боюнча Азия чемпиондору аталды. Алар Азиянын 14 өлкөсүнөн келген катышуучулардын арасынан жеңишке жетишти.

Говард Чолпонбаев жана Айбийке Нурланова европалык программа боюнча чемпиондуктун финалына өтүшүп, 5-орунду ээлешти.

Каныкей Бактыбекова WDSF Junior Solo Standard категориясында 19 катышуучу арасында 2-орунду алып, WDSF Junior Solo Latin категориясында 59 катышуучу арасынан 4-орунду алды. Мындан тышкары Каныкей BOC Open Solo Junior 1 категориясында төрт алтын медаль жана бир күмүш медаль утту.

Асема Асанкулова BOC Open Solo Junior 1 категориясында танго жана квикстеп бийлеринен 26 катышуучу арасында эки күмүш кубокту жеңип алды.

Бардык катышуучулар ALEXIS бий студиясынын тарбиялануучулары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан